Кыргызстандыктардын кайсы тармакта арбыныраак иштери анык болду

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш менен камсыз болгондор көбүрөөк иштеген тармак — айыл чарбасы экен.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы акыркы мезгилге карата иш менен камсыз болгондордун саны калктын 57 пайызын түзүп, саны 2363,7 кишиге чамалап барат. Бул туурасында маалымат Статистика комитетинин сайтына жайгаштырылган.

"Иштегендердин 31 пайызы ишкана, мекемелерде, уюмдарда эмгектенгени маалым болгон. Анын ичинде айыл жергесинде иштегендерге (25 пайыз) салыштырмалуу шаар жергесинде иштегендердин үлүшү (42 пайыз) көбүрөөк. Айыл калкынын негизги жумуш орду болуп дыйкан чарбалары (28 пайыз) саналат", — деп айтылат маалыматта.

Иш менен камсыз болгондор көбүрөөк иштеген тармак — айыл чарбасында экен. Бул жаатка (токой чарбасы жана балык уулоочулук менен бирге) жалпы иштегендердин 26,8 пайызы туура келет.

TBEA ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыр Кыргызстанга 27 миңден ашуун кытай келген. Алар эмне иш кылат?
Адамдарды иш менен камсыз кылган кийинки эле сектор — дүң жана чекене соода, автоунаа жана мотоциклдерди оңдоо болуп чыкты. Бул жактагылар өлкө боюнча иштегендердин 15,6 пайызын түзөрү анык болду.

Кийинки орунда курулуш (12 пайыз), андан кийин билим берүү (8,7 пайыз), кайра иштетүүчү өнөр жайы (7,6 пайыз), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо (7,1 пайыз) тармактары турат экен.

Буга чейин элдин саны тез өскөн Кыргызстандын аймактары тууралуу маалымат чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0