Өлкөдө коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча үчүн банк эсеби ачылмай болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбращение сома в Кыргызстане
Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө атайын эсеп ачуунун ченемдик-укуктук маселелерин иштеп чыгуу сунушталды.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары үчүн атайын банк эсеби ачылмай болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, мындай тапшырманы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков берген.

"Президент коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту арттыруу максатында укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган. Алар боюнча соттун өкүмдөрүн аткарууда өндүрүлгөн акча каражаттарынын эсебин алууга, сактоого жана андан ары колдонууга багытталган атайын банк эсебин ачууну буюрду", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтеги авариянын жоопкерчилиги Сапар Исаковго жүктөлүүдө. Мурунку премьердин жообу
Мындай тапшырманы аткаруу максатында президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер жана Финансы министрликтеринин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук банктын жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөргөн. Анда атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелер талкууланган.

Ал эми өкмөткө атайын банк эсебин ачуунун ченемдик-укуктук маселелерин иштеп чыгуу сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0