Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр көтөргөн шаар тургандары. Архив
Кол чатыр көтөргөн шаар тургандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ишемби күнү тоолуу райондордо жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустарында 19…24 градуска чейин күн жылыса, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 18…23 градуска чейин жогорулайт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында 16…21 градус жылуу болот.

Бишкек шаары менен Ошту ала булут каптап, күндүн табы 21…23 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0