Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Талас өрөөнүндө 20…25 градуска чейин күн жылыса, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында 21…26 градуска чейин жогорулайт. Ал эми Баткенде 22…27, Ысык-Көлдө 15…20, Нарында 17…22 градус нөлдөн жогору болот.

Бишкек менен Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы 21…26 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0