Дем алыш күндөрдө аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет кабарлады

Жазылуу
Нарында ишемби күнү түнү термометр нөлдөн төмөн болуп, үшүк жүрөт

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстанда ишемби күнү күндүн көзү бузулбайт, ал эми жекшембиде көп аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидрометтен кабарлашты.

26-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ишемби, 26-майда, Чүйдө түнкүсүн аба ырайы түнү 8…13, ал эми күндүзү 26…31 градуска көтөрүлөт. Таласта түндө 7…12 болсо, күндүзү 25…30 градуска ысыйт. Баткенде сымап мамычасы түнү 11… 16ти, күндүзү 28…30ду көрсөтөт.

24-майга караган түнү Ысык-Көл жана Нарын облустарында калың жааган кардын айынан чабандардын канча магы өлүп, канчасы жоголгонун ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
Нарын менен Көлдө кар алдында калган малдын саны. Расмий маалымат
Ош, Жалал-Абадда түндө 11…16 градус, күндүзү 27…32 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүзү 18…23 градус болот. Нарын облусунда түнү 0…-2 болуп, үшүк жүрөт да, күндүзү 18…22 градуска чейин жылыйт.

27-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул маалыматты ӨКМ шашылыш кабар деп таратты. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Жекшемби 27-майда Чүйдө түнкүсүн 10…15, ал эми күндүзү 27…32, Таласта түндө 9…14, күндүзү 27…32 градус ысыйт. Баткенде түнү термометр 12…17ке, күндүзү 28…33кө көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абадда түндө 12…17 градуска, күндүзү 27…32 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көлдө аба ырайы түнкүсүн 4…9, күндүзү 19…24кө чейин жылуу болору айтылды. Нарын облусунда күн түнкүсүн 3…8, күндүзү 20…25ке чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0