Жыл башынан бери 16 жашка толгон 32 миң кишиге паспорт берилди

© Sputnik / Жоомарт УраимовВыдача новых биометрических паспортов в КР
Выдача новых биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери Кыргызстанда 16 жаштагы жарандарга 30 миңден ашык ID-карт даярдалган.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бүтүрүүчүлөр мектепти аяктап жаткандыктан 16 жаштагы жарандардан паспорт алуу боюнча арыздар көп түшүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Глава управления профессионального образования Минобразования Гульмира Абылкасымова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Абылкасымова: жогорку окуу жайларда бюджеттик орундар толбой калууда
Жыл башынан бери 16 жашка чыккан 32 002 жаранга ID-карт берилген.

Анын ичинен эң көп паспортту Ош (6713) менен Жалал-Абад (6298) облусунун тургундары алса, эң аз паспорт Талас (1420) менен Нарын (1928) облусунун тургундарына туура келген.

Жалпы Чүй облусунда 4884 кишиге паспорт берилсе, Бишкекте 3296 киши алган. Бул көрсөткүч Ысык-Көлдө 2719 кишини түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0