Санариптик трансформациялоо боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Правительства КР в Бишкеке
Здание Правительства КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аны президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев жетектеди.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстанда санариптик трансформациялоо үчүн жагымдуу шарттарды, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнү, мамлекеттик башкарууда жана киберкоопсуздукту камсыз кылууда инновациялык ыкманы колдонууну камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча КР президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү жарлыкка Жээнбеков кол койду. Бул кеңешти президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев жетектемекчи.

Бул аракетти ишке ашырууда жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү да тартылат.

Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны экспертизадан өткөрүп, аны өркүндөтүү боюнча эл аралык интеграциялык процесстер жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат.

Мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Эксперттик кеңештин жүктөлгөн функцияларды аткаруусуна ар тараптан көмөк көрсөтүп, анын ичинде мамлекеттик сырды жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды камтыган документгерди кошпогондо, документтерди жана материалдарды берет.

Жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басарына жүктөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0