Кайсы күндөрү жаан жаайт? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Апта ичи күн күркүрөп жамгыр жааганы менен, көпчүлүк аймактарда абанын температурасы 30 градустан жогору болот.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка караганда, апта ичи күн күркүрөп, жамгыр жааганы менен көпчүлүк аймактарда абанын температурасы 30 градустан жогору болот.

11-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы 31 градуска жетсе, Чүй менен Таласта 27…32 градус ысык болот. Нарын жана Ысык-Көл облустарында 17…22 градуска жылыйт.

Самый жаркий день - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар жай мезгили эки айга узарарын айтышты
12-13-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарында абанын температурасы 31…35 градуска чейин жогорулайт. Нарын менен Ысык-Көлдө 22…27 градус нөлдөн жогору.

14-15-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бирок абанын температурасы көтөрүлүп Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 29…31 градус, Чүй менен Таласта 28…33 градус ысык болушу божомолдонууда. Нарын менен Ысык-Көлдө салыштырмалуу салкыныраак, 21…26 градуска жылыйт.

16-17-июнда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0