Шектүүлөрдү кармоо. Архив

ИИМ: Кыргызстанда беш айда уюшкан кылмыштуу топтун 12 мүчөсү кармалды

237
(жаңыланган 22:58 12.06.2018)
Кармалгандардын бардыгы оор кылмышка шектелип издөөдө болгон.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын беш айынын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун ондогон мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

"ИИМдин криминалдык милициясы каракчылык, уурулук, опузалоо жана башка ушу сыяктуу оор кылмышка шектелгендерди кармоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзө баштаган. Анын натыйжасында беш айдын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун 12 мүчөсү колго түшүрүлсө, дагы 120сы кылмыш жоопкерчилигине тартылган", — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын алтоосунан ок атуучу 70 курал табылган. Билдирмеде шектүүлөрдүн айрымдары криминалдык дүйнөдө жогорку статуска ээ экени белгиленди.

237
Белгилер:
криминал, ИИМ, Кыргызстан
Бишкеке Москвадан Кыргызстандын жарандары келди

Россиядагы кыргызстандык медиктер Бишкекке келди. Сүрөт

26
(жаңыланган 16:16 05.07.2020)
Мекенге ак халатчандардан тышкары кош бойлуулар, студенттер, оорулуулар жана башка зарыл себептери бар адамдар келди.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

  • Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.
    Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.
    Ага ылайык, "Аэрофлот — Россия аба жолдору" компаниясынын Москва — Бишкек каттамы менен 424 кыргызстандык келди
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди

Ага ылайык, "Аэрофлот — Россия аба жолдору" компаниясынын Москва — Бишкек каттамы менен 424 кыргызстандык келди. КРдин Москвадагы элчилиги буга чейин өлкөгө бара турчу медиктердин саны 26 экенин айткан.

"Мекенге кайтып келүүнү каалагандардын саны көп болду. Ошондуктан элчиликтин, кыргыз диаспораларынын жана Москвадагы кыргызстандыктардын клиникаларынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия кайтуусу зарыл адамдардын тизмесин даярдады. Ага студенттер, кош бойлуулар, оорулуулар жана оор жагдайга кептелгендер кирген. Ошондой эле азыркы кырдаалга кол сунууга келген кыргызстандык медиктер бар", — деп айтылат маалыматта.

Ошко Москвадан дагы 343 кыргызстандык учуп келди

Кайтып келгендер медициналык кароодон өтүү үчүн обсервацияга алынары кошумчаланды.

ТИМ сыртта калып калган мекендештерди кайтаруу иши уланып жатканын белгиледи.

26
Белгилер:
ыктыярчылар, медик, каттам, ТИМ, Москва, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстанга Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алып келинди. Сүрөт
Кишинин колунда гүлдөр жана күйүп турган шам. Архив

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жалгап Казакбаев дүйнө салды

121
(жаңыланган 14:51 05.07.2020)
Казакбаев Кара-Балта шаардык, Чүй облустук кеңештерине жана 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жалгап Казакбаев узак убакытка созулган оорудан улам 71 жашында каза болду. Бул маалыматты Кара-Балта шаар мэриясы тастыктады.

Маркумду жерге берүү зыйнаты эртең, 6-июлда, Кара-Балта шаарында өтөт.

Канат Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жашында көз жумду

Жалгап Казакбаев 1949-жылы 1-январда Чүй облусунун Панфилов районундагы Тельман айылында туулган. 1972-жылы Фрунзедеги политехникалык университеттин механика факультетин аяктап, "Сетунь" заводунда эмгек жолун баштаган. Кара-Балта тоо-кен комбинатында (КТКК) директор болуп иштеген. Кара-Балта шаардык жана Чүй облустук кеңешине депутат болгон.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.

121
Белгилер:
депутат, жерге берүү, каза болду
Тема боюнча
Ырчы Болот Тасмаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты