Күн ачык болобу? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

© AP Photo / David ZalubowskiКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Өлкөдө ишемби күнү жамгыр, тоолуу райондордо кар жааса, жекшембиде күндүн көзү ачылат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Эртең, 16-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы кутүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Подача газа в жилой массив Колмо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Токмок шаарына жаратылыш газы берилди
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда түнкүсүн абанын температурасы 10…15, күндүз 25…30 градус ысык болот. Чүй менен Таласта түнкүсүн 9…14 градус болсо, күндүз  23…28 градуска көтөрүлөт. Тоолуу Нарында түнү 5…10 градус болсо, күндүз 17…22 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24 градус нөлдөн жогору болот.

Жекшемби, 17-июнь күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй менен Талас облустарында түндө 10…15 градус жылуу болуп, күндүз  термометр +26…+31ди көрсөтөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда түнкүсүн 12…17 градус, күндүз 28…33 градуска чейин ысык болот. Нарын менен Ысык-Көлдө түнү 4…9 градус, ал эми күндүзү 21…26 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0