Шашылыш билдирүү! Жума аягына чейин күндүн көзү ачылбайт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыздар. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. 20-23-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу айрым райондорунда сел жүрүү ыктымалдыгы жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 21-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңунда нөшөрлөп жамгыр төгөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Баткен шаарында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, беш турак үйдүн ичи толук жана 150 метр канал тазаланды - Sputnik Кыргызстан
Баткенде селдин кесепеттери жоюлуп, калкка суу берилди. Сүрөт
22-23-июнь күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден тоо этектеринде жана тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

24-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүз жана 25-июнда мезгил-мегили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Ал эми Бишкек шаарында 21-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 22-23-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош шаарында 21-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 22-23-июнда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0