Кыргызстанда улуттук кадрлардын резерви түзүлөт

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүРасширенное заседание коллегии МЭТР РФ
Расширенное заседание коллегии МЭТР РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө жетекчиси мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга квалификациялуу адистерди тартуу керектигин айтты.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште депутаттарга жана элге кайрылып жатып, учурда кесипкөй, тажрыйбалуу адистердин таңкыстыгы байкалып жатканын айтты. Ошол эле учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга квалификациялуу адистерди тартуу керектигин белгиледи.

Андан сырткары, мамелкет жетекчиси кызматка алууда тааныш-билиштер аркылуу ишке орноштурууну жоюу керектигине токтолуп өттү.

"Кадр тандоонун эң таасирдүү рычагы — мына ушул залда отургандардын колунда. Демек, мамлекеттик органдарга таза, кесипкөй кадрлардын келиши да силерден көз каранды", — деди президент.

Жээнбеков кадрдык саясатта профессионалдуулук башкы сапат экенин айтып, мыкты адистерди өстүрүп, кадрлардын улуттук резервин түзүү зарыл экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0