Кайсы күндөрү жаан жаайт? Бир жумага карата аба ырайы

© REUTERS / Peter NichollsДождь в Лондоне
Дождь в Лондоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта ичи күн күркүрөп жамгыр жааганы менен, көпчүлүк аймактарда абанын температурасы 30 градустан жогору болот.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка караганда, апта ичи күн күркүрөп, жамгыр жааганы менен көпчүлүк аймактарда абанын температурасы жогору болот.

Озера на территории Карагачевой рощи - Sputnik Кыргызстан
Июль айына карата аба ырайы
2-июль күнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 29…34, Таласта 27…32, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 25…30, Ысык-Көл менен Нарында 21…26 градус ысык болот.

3-4-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 28…33, Чүйдө 25…30, Таласта 23…28 градус ысык болушу болжолдонууда. Нарын менен Ысык-Көл облусунда 21…26 градус нөлдөн жогору болот.

5-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы көпчүлүк аймактарда жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0