Мектептеги баа тагдыр чечпейт! "Кулаган" абитуриентке министрлерден кеңеш

© Sputnik / Эмиль СадыровМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы чыкты. Анда бүтүрүүчүлөрдүн 42 пайызы "кулап" калды.

Тагыраагы, барьердик болуп эсептелген 110 баллдан жогору ала алышкан жок. Бирок жакшы баалар менен ЖРТнын жогорку баллдары дайыма эле ийлигиктин кепилдиги боло бербейт. Мындай пикирин кыргызстандык министрлер билдиришти.

Атургай айрым өкмөт мүчөлөрү өздөрү мектепте эч качан "отличник" болбогонун айтып, негизгиси курч мүнөз жана умтулуу болушу керектигин кошумчалады.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов:

© Sputnik / Табылды КадырбековӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов
Председатель Госкомитета промышленности, энергетики и недропользования КР Уланбек Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов

— Мектепти "3" жана "4" деген бааларга окугам. "Троечник" болчумун десем дагы болот. Менимче, азыркы ЖРТ системасы кадимки "Миллионер болгуң келеби?" оюнун элестетет. Берилген варианттардан тандайсың. Мурдагы экзамендерде анык билим деңгээли билинчү. Жакшы бааларга толгон аттестат ийгиликтин кепилдиги эмес. Негизгиси мүнөз менен умтулуу.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева:

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева
Награждение информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан благодарственным письмом Минобрнауки КР - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева

— Мектепти жалаң бешке бүтүргөм. Албетте бала окуу программасын толук өздөштүрүп алганы жакшы, бирок жакшы баалар дайыма эле маанилүү боло бербейт. Жошоодо "отличниктерге" караганда, "3кө", "4кө" окуган балдар ийгиликтүүрөк болгон мисалдар аз эмес. Ошондуктан, мектепте баага гана карай бербей, окуучуну маалымат менен иштөөгө, чукул кырдаалдарга чечим кабыл алууга, жоопкерчиликке үйрөтүш керек. Биз акырындык менен ушул багытка бет алуубуз зарыл.

Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев:

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАйыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев
Министр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР Нурбек Мурашев - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев

— Мектепти үч менен бүткөн баладан кийин жакшы адис же жакшы адам чыкпайт деп ойлоо чоң жаңылыштык. Дүйнөдө 2-3кө окуган балдардан мыкты актерлор, кыйын саясатчылар чыккан мисалдар аз эмес. Негизи эле ЖРТда төмөн балл алып калган балдарды дагы "эмне болсоң ошо бол" деп таштап койбошубуз керек. Мамлекет аларга көңүл бурбаса, аргасыздан Россияга кара жумуш издеп тентип кетет.

Өзүм тууралуу айтсам, эч качан отличник болгон эмесмин. Бирок төрткө окучумун. Математика, тарых, география сабактарын жакшы билчүмүн.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов:

© Sputnik / Расул УсеналиевМаданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов
Бывший директор ОТРК Султан Жумагулов - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов

— Мектепти жалаң бешке аяктагам. Жогорку окуу жайга дагы дароо өткөм. Бирок баа шарттуу нерсе. Окуйм деп максат кылгандар сөз жок тилегине жетет. Айрым генийлер араң үчкө окуганы да маалым эмеспи.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов:

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТранспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов
Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов

— Өзгөн районунун Кызыл-Чарба айылындагы мектепти жалаң "5ке" бүтүргөм. Болгону геометрия сабагынан "4" алып калгам. Аттестатымдын көчүрмөсү мектептин музейинде сакталып турат. Кийин политехникалык окуу жайда абдан активдүү студент болдум. Албетте билимге умтулуу абдан жакшы нерсе. Бирок мектептеги бааларың кандай болбосун, ар дайым өзүңдү тарбиялап, эмгек кылсаң сөзсүз ийгиликке жетишесиң.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев:

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовМаалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев
Председатель ГК информационных технологий и связи Бакыт Шаршембиев - Sputnik Кыргызстан
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев

— Талас шаарындагы №3 гимназияны "4" жана "5" деген баалар менен аяктагам. Кийин Раззаков атындагы техникалык окуу жайда окуп жүрүп, 2-курстан тарта эле "Кыргызтелеком" ишканасына практикага бара баштадым. Негизи алган билимиңди дароо практика жүзүндө аткарып көрүү абдан маанилүү. Абитуриенттерге кааларым мектептеги баалар кандай богонуна карабай, жакшы кесиптин ээси болууга аракет кылгыла. Мисалы, мен маалымат технологияларына байланышкан кесипти тандоону сунуш кылам. Учурда өлкөнү өнүктүрүү үчүн бардык тармактарга санариптик технологияларды сүңгүтүп жатабыз. Андыктан бизге мындан ары билимдүү IT адистерге талап күчөйт.

Улуттук коопсуздук мамалекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов:

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук коопсуздук мамалекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов
Председатель Государственного комитета национальной безопасности Кыргызстана Идрис Кадыркулов - Sputnik Кыргызстан
Улуттук коопсуздук мамалекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов

— Мектепти "эң жакшы" деген баа менен аяктагам. Болгону немис тили боюнча "4" алчумун. Мектептеги мугалимдерибиз өтө күчтүү болгондуктан, алардан алган билимим университетке өтүүгө, аны ийгилүктүү аяктоого жардам берди. Менимче, баалар эмес, окуучунун мээсине сиңип калган билим маанилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0