Жаан жаайт! Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровИсфана — Баткен жолу. Архив
Исфана — Баткен жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 10-14 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 11-июл — Sputnik. 12-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 10-14 метрге жетиши күтүлөт.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында 30…35 градус болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ысыктын күчү 33…38ге жетет. Нарын жана Ысык-Көл өрөөнүндө 24…29 градус болору белгиленди.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, ордолуу Ошто абанын температурасы 36…38 градус жылуу болсо, ал эми борбор калаада термометр 33…35 градусту көрсөтөт.

Рубрика: аба ырайы

Жаңылыктар түрмөгү
0