Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 10-14 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ишемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгил-мезгили менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде тоо этектеринде жаан-чачын болушу күтүлүүдө. Бул туурасында Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20 градус жылуу болсо, күндүз 29…34 градуска чейин ысыйт.

Таласта абанын табы түнкүсүн 11…16 градус жылып, күндүз 33 градуска чейин жогорулайт.

Аномальная жара в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эмне үчүн аба ырайы +60 градус болот деп айтылган? Кыргызгидрометтин түшүндүрмөсү
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда тоо этектеп өткүн өтөт. Абанын теспературасы түнкүсүн 7…13, күндүзү 20-25 градуска жетет.

Өлкөнүн түштүн аймагында күн ысыгыраак болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 17…22 жылуу болсо, күндүз күндүн табы нөлдөн жогору 31…36 градусту көрсөтөт.

Бишкекте термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн 17…19 градуска, күндүз 31…33 градуска чейин жогорулайт. Ош шаарында дагы күн ысык. Түнкүсүн 22 градуска чейин жылуу болуп, күндүз 34…36 градус нөлдөн жогору болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0