Кыргызстанда дин тууралуу мыйзамга өзгөртүү кириши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековНамаз окуп жаткан адамдар. Архив
Намаз окуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул эле мыйзам долбоор өткөн аптада Ош шаарында талкууланган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бүгүн, 24-июлда КРдин Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиясы ЖМК өкүлдөрү менен "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар" боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуу өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматынан билдиришти.

"Бул мыйзам долбоорунун негизги максаты — дин тутуу эркиндигин бекемдөө, диний уюмдардын, билим берүү мекемелеринин жана миссионерлердин ишин жөнгө салууну жакшыртуу", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр диний жааттагы маселелер боюнча азыркы мыйзамдын ичиндеги дал келишпестиктерди жоюу үчүн ишке ашып жатканы айтылды.

Ушул эле мыйзам долбоору өткөн аптада Ош шаарында мамлекеттик органдардын, диний кызматкерлердин жана көз карандысыз адистердин катышуусунда талкууланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0