Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Катран Ляйлякского района Баткенской области
Село Катран Ляйлякского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын жана Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. 26-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүйдө абанын температурасы 24…29 градуска көтөрүлөт. Таласта күндүн табы 22…27 градусту түзөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде абанын температурасы 31…36 градуска чейин жогорулайт.

Ысык-Көлдө 21…26, Нарында 23…28 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкекте абанын температурасы 27…29, ордолуу Ошто 33…35 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0