Бишкектеги Айтматов көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Жазылуу
Жабылган аймакта жылуулук куурлары алмаштырылат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Оңдоо иштеринен улам Айтматов проспектисинин дагы бир бөлүгү жабыла турганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жолдогу аң-чөнөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте борбордук көчөнүн бир бөлүгү ремонтко жабылды
Жол кыймылы Жаманбаевден Сухомлинов көчөсүнө чейин жабык болот. Учурда бул аймакта магистралдык жана ички жылуулук куурлары алмаштырылууда. Чектөө 7-августта алынат.

Андыктан айдоочуларга Бакаев (Чапаев) жана Жунусалиев (Орджоникидзе), Токтоналиев, Табалдиев көчөлөрү аркылуу өтүү сунушталат. Ал эми Айтматов менен Айни көчөлөрүнүн кесилиши ачык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0