Кудайбердиева: Бишкекте мектепке кирүү үчүн электрондук кезекке туруу керек болот

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБилим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева. Архив
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн өкмөттө өткөн жыйында көтөрүлгөн маселелердин бири жаңы окуу жылына даярдык болду.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкекте баланы мектепке киргизүү үчүн электрондук кезек системасын киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Бүгүн өкмөттө өткөн жыйында көтөрүлгөн маселелердин бири жаңы окуу жылына даярдык болду.

Министрдин айтымында, алгач бул пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында башталып, кийин өлкө боюнча ишке ашат.

Кудайбердиева кошумчалагандай, эми мектеп окуучулары сөзсүз окушу, көрүшү жана барышы керек деген китептердин, тасмалардын, спектаклдердин жана музейлердин тизмеси түзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0