ИИМ аңчылык мылтыгы менен ок-дары сатууга убактылуу тыюу салды

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүКурал жарактар. Архив
Курал жарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим бир айга чейин созулат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлиги аңчылык мылтыгы менен ок-дары сатууга тыюу салганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюну менен саммиттен улам коопсуздук чаралары күчөтүлөт
Мындай чектөө 10-августтан 10-сентябрга чейин созулат. Учурда билдирме аңчылык мылтыгын сатуу менен алектенген дүкөн жетекчилерине жөнөтүлдү.

ИИМдин маалыматына ылайык, тыюу салуу Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин саммити менен Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюнун өткөрүүгө байланыштуу.

Оюндар 2-8 сентябрь күндөрү өтсө, саммит 3-сентябрда башталат. Экөө тең Ысык-Көлдө болот.

Ошондой эле маанилүү иш-чараларда укук коргоо органдары бардык тараптан коопсуздук эрежелерин сактап, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0