Кыргызстандыктардын августта эс ала турган күндөрү

© Sputnik / Табылды КадырбековМайрамдык концерттин катышуучулары. Архив
Майрамдык концерттин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайдын соңку айында Курман айт жана Эгемендүүлүк күнү белгиленет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Август айында кыргызстандыктар Курман айтта жана Эгемендүүлүк күнүндө эс алат.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы Курман айттын так датасын аныктай элек. Алдын ала маалымат боюнча ал 21-августка туура келиши мүмкүн.

"Так күнү 15-августтан кийин айдын жаңырышына карата аныкталат", — дешкен муфтияттан.

Курман айт Орозо айттан кийин 70 күндөн кийин белгиленет. Быйыл Орозо айт 15-июнда болгон.

Ал эми Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү 31-август жума күнгө туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0