Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы төмөндөйт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Жекшемби жана дүйшөмбү, 12-13-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо, жайлоолордо жаан карга айланат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.

"12-августта күндүз жана 13-августта абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат", — деп айтылат маалыматта.

Фонтанда эс алып жаткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Августтун ичинде аба ырайы кандай болот. Синоптиктердин жообу
12-августта Чүй облусунда түндө 18…23 градус жылуу болуп, күндүз 22…27 градуска чейин ысыйт. Таласта түндө 14…19 градус жылуу болсо, күндүз 20…25 градуска жетет. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түндө 19…24 градус жылуу, күндүз 24…29 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө түндө 13…18 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 20…25 градуска дейре ысыйт. Нарында түндө 11…16 градус жылуу болсо, күндүз 19…24 градуска чейин жетет.

13-августта Чүйдө түндө 12…17 градус жылуу болуп, 26…31 градуска чейин ысыйт. Таласта түндө 8…13 градус жылуу, күндүз 25…30 градуска дейре жетет. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түндө 15…20 градус, күндүз күндүн табы 28…33 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көлдө түндө 9…14 градус жылуу болуп, 21…26 градуска дейре көтөрүлөт. Нарында болсо түндө 6…11 градус жылуу болуп, күндүз 22…27 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0