БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстанда мектептердин мугалим менен камсыздалышы кандай экенин Билим берүү жана илим министрлиги Sputnik Кыргызстан агенттигинин сурамына берген жообунда билдирди.
2017-2018-окуу жылынын аягына карата өлкөдө 79 миң 963 мугалим иштеген. Быйыл жаңы окуу жылын утурлай 1960 жаңы мугалим талап кылынса 1745 жаш адис мектептерге бөлүндү.
Негизинен мугалимдердин тартыштыгы Чүй жана Жалал-Абад облустарында кездешет.
"Бөлүштүрүлгөн бүтүрүүчүлөр быйыл сентябрда жаңы иш орундарына барат. Ал эми 215 бош орун контракт менен окуп аяктаган бүтүрүүчүлөр толукталышы мүмкүн. Быйыл жогорку окуу жайда контракт менен окуп аяктагандардын саны 2,5 миң кишини түзөт", — деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.
Жаш адистерди аймактарга бөлүү аракеттери 12 жогорку жана 4 кесиптик окуу жай тарабынан такай аткарылып турат. Министрлик аймактарга иштөө үчүн бөлүнгөн ар бир жаш адис турак-жай менен камсыздала турганын маалымдады.
Андан сырткары, мугалимдердин билим деңгээлин көтөрүү боюнча туруктуу аракеттер башталган.
Мектептер заманбап жабдуулар менен камсыздалып (компьютер, проектор, сервер, тийиштүү эмерек), баштапкы мектептер менен негизги предметтердин электрондук китепканасы ишке кирет.
Кошумча иретинде өлкөдөгү 540 мектеп Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында ноутбук, роутер жана интернет тармагын колдонуу үчүн прожекторлор менен жабдылат.
"Бул мектептер аралыктан туруп квалификацияны жогорулатуучу курстардын платформасы болуп калат. Бул абдан маанилүү чечим, анткени буга чейин бюджеттен бөлүнгөн каражат норматив боюнча жалпы окутуучулардын 20 пайызына же 15-16 миң мугалимге жетиши керек болсо, болгону 3-4 миң гана мугалимге жетип келген", — деп министрликтен түшүндүрүштү.
Аралыктан туруп окутуу форматы квалификацияны жогорулатууда он эсе көп мугалимди камтый алат.