КРде браконьерчилик, зыяндуу курт-кумурска менен күрөшкөн 8 дрон пайда болот

Жазылуу
Асманда учуп, байкоо салган техниканы алууга 2,5 миллион сом сарпталмакчы.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик абага учкучу жок көтөрүлүп, көп иштери аткарууга жарай турган техникалык сегиз аппарат (дрон) сатып алууга сынак жарыялады. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Талас облусундагы кайтарууга алынган корукта мылтыкчан киши фотокапканга түшүп калды - Sputnik Кыргызстан
Таласта корукта жүргөн мылтыкчан киши фотокапканга түшүп калды. Сүрөт
Бул аппараттын жардамы менен браконьерлерге, чегирткелерге, айыл чарба иштерине зыян алып келген курт-кумурскаларга каршы күрөшүү максаты каралууда. Андан сырткары, дрондор токойлорду сактоо боюнча мониторинг жасоодо колдонулмакчы.

Тендердин жалпы суммасы 2,4 миллион сомду түзгөн жана ага катышууга 31-августка чейин арыз калтырса болот.

Дрондордун токойлорду картага түшүрүүдө, аны сактоодо, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жакшы жардамчы болору айтылган. Маалымат кызматы жаратылышты коргоо жаатында адистер оңой менен жете албаган жерлерди дрон менен тартып, браконьерчиликтин жолун бууп, жаныбарлар дүйнөсүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0