Курман айтка карата 4 күн катары менен эс алуу сунушталды. Колдоого алынабы?

Жазылуу
Эгер өкмөт дүйшөмбүнү дем алыш күндөргө которсо, кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Курман айтка байланыштуу 20-августка туш келген дүйшөмбүнү дем алыш күндөргө которуу тууралуу документ иштеп чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин муфтият Курман айт 21-августта (шейшемби) белгиленерин маалымдаган.

"Иш күнү эки эс алчу күндүн ортосуна туш келгендиктен министрлик аны кийинки дем алышка которууну сунуштайт. Мында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс ала алат", — дешти мекемеден.

Министрлик документ азырынча өкмөткө макулдашууга жөнөтүлө электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0