Кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алмай болду

Жазылуу
Тийиштүү документти өкмөт бекитти.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алмай болду. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Билдирмеге караганда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Курман айтка байланыштуу 20-августка туш келген дүйшөмбүнү дем алыш күндөргө которуу тууралуу документин өкмөт кабыл алды.

Ага ылайык, Кыргызстандыктар 18-19-20-21-август күндөрү эс алмай болду.

Ал эми 20-августтун ордуна кыргызстандыктар 22-сентябрь, ишемби күнү иштешет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0