Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Ысык-Көлдө абанын температурасы +27 градуска жетет.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. 20-август, дүйшөмбүдө, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35 градуска чейин көтөрүлсө, Нарын жана Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +10…+15, күндүз +22… +27 градус жылуу болору айтылды.

Ош менен Бишкек шаарында да күн ачык болуп, абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +33…+35 градус ысык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0