Бир жумага карата аба ырайы. Жамгыр жаайт, ысыктын күчү 34 градуска жетет

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет өлкө аймагы боюнча бир жуманын, 20-24-августка божомолун жарыялады. Бул күндөрү ысыктын күчү кээ бир аймактарда 34 градуска жетерин Кыргызгидромет билдирди.

20-август

Чүйдө түндө +16…+21, күндүзү 30…35, Таласта түнкүсүн +13…+18, күндүзү 30…35 ысык болот. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнү 16…21, күндүзү 30…35 ысык болот. Ысык-Көлдө түнү +10…+15, күндүзү +22…+27ге чыгат. Нарында түнү +8…+13, күндүзү +22…+27градус болот.

21-август

Түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүйдө түндө 14…19, күндүз 22…27 градуска чейин көтөрүлөт. Таласта түндө 10…15 градус жылуу болуп, күндүз 22…27 градуска чыгат.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнү +15…+20, күндүзү +25…+ 30 градус болот.

Ысык-Көлдө түндө 10…15 градус, күндүз 18…23 градус жылуу болот. Нарында түндө +8…+13, ал эми күндүз + 18… +23 болот.

22-август

Албууттанган сел. Кажы-Сайдын жанындагы жол жараксыз болуп калган видео - Sputnik Кыргызстан
Албууттанган сел. Кажы-Сайдын жанындагы жол жараксыз болуп калган видео
Күндүз тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүйдө түндө 11…16 градус жылуу болсо, күндүз 24…29 градуска чейин чыгат. Таласта түндө 7…12 жылуу болсо, күндүз 23…28 градуска чейин жогорулайт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түндө +13… +18, күндүз 26…31 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө термометр түнү +8…+13, күндүзү +18…+23тү көрсөт. Нарында түндө +6…+11ди көрсөтсө, күндүз 18…23 градуска көтөрүлөт.

23-август

Чүйдө түндө 12…17, күндүзү 27…32 градус ысыйт. Таласта түндө +9…+14 градус болуп, күндүз 25…30га чейин чыгат. Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түндө +15…+20, күндүз 29…34 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө термометр түнкүсүн +8…+13, күндүзү +22… +27 градусту көрсөтөт. Нарында түнү +6…+11, күндүзү 22…27 градус жылуу болору айтылды.

24-август

Чүйдө түндө +14… +19, күндүз 29…34 градуска дейре ысыйт. Таласта түндө 11…16 градус жылуу болуп, күндүз 27…32 градуска чейин көтөрүлөт.

Баткенде, Ош, Жалал-Абад облустарыда түнү 16…21, күндүзү 30…35ке чыгат.

Ысык-Көлдө түндө +9…+14 градус болуп, күндүз +25…+30 градуска чейин жетет. Нарында термометр түнү +7…+12, күндүзү +25…+30ду көрсөтөт.

Ал эми Бишкекте 20-августта +33…+35, 21-августта +23…+25, 23-августта +25…+27 градус болот. Ош калаасында 20-августта +33…+35, 21-августта +28…+30, 23-августта +29…+31 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0