Бул аптада токойлордо өрт чыгышы мүмкүн! Жума соңуна чейинки аба ырайы

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүТокойдогу өрт. Архив
Токойдогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аптанын аягы жекшемби күнү алдын ала маалыматтар боюнча өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөй тургандыгы кабарланды.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда жуманын аягына чейин өлкөнүн эки дубанында жамгыр жаайт, ал эми бир катар токойлордо өрт чыгуу кооптуулугу бар. Бул туурасында Кыргызгидрометтен кабарлашты.

ӨКМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Көчмөндөр оюндарында жүздөгөн куткаруучу нөөмөттө турат
5-сентябрда күндүз жана 6-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

7-8-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

"Лейлек, Талас, Базар-Коргон, Жети-өгүз, Нарын райондорунун токойлорундагы өрттүн чыгып кетүү коркунучу жогору", — деп айтылат Кыргызгидрометтин билдирүүсүндө.

Ал эми аптанын аягы жекшемби күнү алдын ала маалыматтар боюнча өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөй тургандыгы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0