Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" ишканасынын кызматкери. Архив
Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Республиканын айрым аймактарында 8-сентябрда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.  Аны менен катар эле кээ бир аймакта абанын температурасы +31 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +23…+28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +22…+27 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +26…+28, Ош шаарында +29…+31 градуска жетет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0