Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Фото / Геннадий ЗакировАлтын-Арашан капчыгайы. Архив
Алтын-Арашан капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 10-сентябрда күндүн табы ысык делген аймактарда +32 градуска чыгат жана Ош менен Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +22…+27 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27…+32, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +21…+26 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ош шаарында +29…+31 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0