Түштүктө дагы деле жай! Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Жаан-чачын негизинен тоолуу аймактарда гана болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Аптанын биринчи жарымында бийик тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде жаан-чачын болушу күтүлүүдө. Ал эми жуманын ортосунда көпчүлүк жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

11-сентябрь күнү Чүй жана Талас облустарында күндүзү 23…28 грудус нөлдөн жогору болот. Түштүктө абанын температурасы түнкүсүн +17 күндүзү +30 градуска чейин жетет. Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүзү +21…+26. Көлдүктөр дагы ушундпй эле аба ырайынан ырахат ала алат. Бул аймакта абанын температурасы күндүз 25 градуска чейин көтөрүлөт.

Футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билетке жетишип кал! Футбол федерациясы күйөрмандар үчүн сынак жарыялады
12-сентябрдан баштап күндүн көзү айрым аймактарда бузулат. Мисалы, Ысык-Көл менен Нарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал болушу ыктымал. Анткени абанын табы мурдагыдай эле ысык. Бардык аймактарда күндүзү абанын тепературасы +20 градустан жогору болот.

13-сентябрда көпчүлүк аймактарда, 14-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй менен Таласта түнкүсүн +7..+12, күндүз +18…+23 градуска жетет. Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө күндүз абанын табы +24 градуска көтөрүлөт.

Аптанын акыркы күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0