Кыргызстандын Ички аскерлери Улуттук Гвардиянын курамынан чыкты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПразднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке
Празднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички аскерлер аталган түзүмдүн курамына 2014-жылы киргизилген.

БИШКЕК, 11-Сен. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери Улуттук Гвардиянын курамынан чыгарылат. Мындай Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарлыктын негизги максаты — жарандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик системаны жакшыртуу.

"Ички коопсуздукгу камсыз кылуу жаатындагы реформалардын максаты — жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо. Ошондой эле мамлекеттик маанидеги объектилерди кайтаруу иштерин күчөтүү",  — деп айтылат билдирүүдө.

Бул милдеттер мурда ИИМ менен катар дал ушул ички аскерлердин мойнуна жүктөлгөн. Бирок алардын Улуттук Гвардиянын курамында болушу  кесипкөйлүк мүмкүнчүлүктөрүн чектеп келген.

Белгилей кетсек, Ички аскерлер аталган түзүмдүн курамына 2014-жылы киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0