УКМК: "Таблиги жамааттан" азырынча коркунуч жок

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМусульманин перед намазом в день праздника Ураза-байрам в мечети Кул-Шариф в Казани.
Мусульманин перед намазом в день праздника Ураза-байрам в мечети Кул-Шариф в Казани. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын өкүлү "Таблиги жамааттын" экстремисттик уюм экенин сотто далилдеп берүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстандагы "Таблиги жамааттын" абалы кандай экенин "Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып жатканда сурады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Асылбек Кожобеков "Таблиги жамаат" Россияда, Казакстанда экстремисттик уюм деп табылганын айтып, Кыргызстандагы кырдаалга токтолду.

"Бизде андай коркунучтар азырынча жок. Ошентсе да биз "Таблиги жамаат" боюнча маалыматтарды чогултуп жатабыз", — деди ал.

Рыспаев коркунуч жок деп отура бербей, бул уюм Кыргызстанда болгондон кийин аны кароо керектигин белгиледи.

Кадры задержания экстремистов из Таблиги Джамаат - Sputnik Кыргызстан
Москвада "Таблиги жамааттын" мүчөлөрүн кармаганда тартылган видео. Кыргызча китептер
Кожобеков өнөктөш мамлекеттерден да аталган уюмга эмне үчүн тыюу салынган эмес деген суроолор келип жатканын кошумчалады.

"Аракеттери көрүнбөсө, биз аны кантип сотко беребиз? Сотко далил көрсөтүш керек. Ошентсе да бул боюнча аракеттер жүрүп жатат", — деди УКМКнын өкүлү.

Өз кезегинде депутат эл кайсы жакта уюмдун мүчөлөрү бар экенин билерин айтты.

"Анда элдик репортерлор менен сүйлөшкүлө, уюмдун өкүлдөрү бар жерлерди тартып берсин. Коопсуздук үчүн мындайларды тазалаш керек", — деди депутат.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кандай гана уюм болбосун, өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирсе ага карата чара көрүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0