Бешбармак бышыруу. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыктар этти мурдагыдан да көп жей баштады. Статистика

351
(жаңыланган 19:20 14.09.2018)
Статком негизги тамак-аш боюнча анализ жүргүзгөн.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстандыктар картошка менен нанды азыраак жеп, рациондо жемиш менен эттин көбөйгөнүн байкоого болот. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин келтирген маалыматында айтылат.

Статком былтыркы менен быйылкы жылдын алты айын салыштырган. Анда киши башына ай сайын кеткен тамак-аштын көлөмү иликтенген.

Былтыркы жылга салыштырмалуу кыргызстандыктар эт, эт азыктарын, кант, мөмө-жемиш, жашылчаны көбүрөөк жей баштаган. Андан тышкары, рациондо майдын, сүт жана сүт азыктарынын көбөйгөнү айтылат.

Ал эми картошка менен нан азыктары азыраак желген.

351
Белгилер:
нан, эт, статистика, кант, Сүт, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандыктар мейманканадан оолактап, кафе-барларга ыктай башташты
Кыргызстандыктар туугандарына канча акча коротот. Статистика
Пикирлер