Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы эмен багы. Архив
Бишкек шаарындагы эмен багы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. 14-сентябрда Кыргызстанда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +20…+25 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте +22…+24 градуска жетсе, Ош шаарында +21…+23 градус болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0