Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© AFP / FEDERICO GAMBARINI / DPAДождь в Дюссельдорфе
Дождь в Дюссельдорфе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. 17-сентябрда республиканын айрым аймактарында күн күркүрөп, жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +21…+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +16…+21 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +25…+27 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0