Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровТрасса Бишкек — Торугарт
Трасса Бишкек — Торугарт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-сен — Sputnik. Кыргызстандын айрым райондорунда шаршемби күнү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, Чүй өрөөнүндө +25…+30, Таласта +23…+28 градус ысык болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +23…+28 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көл облусунда +21…+26, Нарын аймагында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +21…+26, Ошто +28…+30 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0