Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу боюнча жаңы эрежелер киргизилди

Жазылуу
Мындан ары жарандар автомектепти бүткөндөн кийин белгилүү мөөнөттүн ичинде экзамен тапшырууга жетишип калышы керек.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айдоочулук күбөлүктү алууга киргизилген жаңы эрежелер боюнча токтомго кол койду.

Аталган документ өкмөттүн сайтына жайгаштырылган. Ага ылайык, 2016-жылдын 1-январына чейин окуп, бирок 2018-жылдын 1-октябрына чейин экзамен тапшырбаган кыргызстандыктар кайрадан окууга милдеттендирилет.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар" пилоттук долбоору кандай жыйынтык бергени айтылды
Эми окугандыгы тууралуу берилген күбөлүктүн мөөнөтү алты айды түзөт. Демек ушул убакыттын аралыгында тийиштүү органдарга барып экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүгүн колуна алат. Эгер алты айдан кечиге турган болсо кайра башынан автомектепке барып окуп келиши абзел.

Ошону менен бирге эле токтомдо ар бир адамдын жүзү графикалык сүрөт менен идентификациядан өтөрү айтылат. Бул экзамен тапшыруу убагында гана эмес калкты жана автотранспорт каражаттарын каттоо, атайын техникалык машиналар, айдоочулук курам, жарандык актылардын абалы, кыймылсыз мүлккө укук берүү жаатында дагы колдонулат.

Токтомго 18-сентябрда кол коюлган, эки жумадан кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0