Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Катран Баткенской области
Село Катран Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанда күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй өрөөнүндө +14…+19, Таласта +22…+27 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +23…+28 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көл облусунда +17…+22, Нарын аймагында +16…+21 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +22…+24, Ошто +25…+27 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0