Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив
Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-октябрда республика боюнча күн ачык болот.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1-октябрь, дүйшөмбү күнү республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27 градуска чейин жылуу. Нарын аймагында түнкүсүн +1…+6 жылуу болсо, күндүз күндүн табы +16…+21 градус чейин жетет. Ысык-Көлдө түнкүсүн +4…+9 градус жылып, күндүз +17…+22 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25 градус болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+14 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы +24…+29 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0