Окуучулар күзгү, кышкы, жазгы, жайкы каникулдарга качан тарайт? Министрликтин жообу

Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын күзгү каникулу тууралуу маалымат таратып, балдар 5-ноябрдан 12-ноябрга чейин сегиз күн эс алаарын билдирди.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 2018-2019-окуу жылдарындагы каникулдардын болжолдуу датасын маалымдады.

Окуучулар сабак учуранда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мугалимдер кыскарса эле мектептеги билим берүү оңолобу? Маселенин күңгөй-тескейи
Билдүрүүгө ылайык, мектептерде кышкы каникул 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 11-январына чейин созулса, жазгы эс алуу 22-марттан 31-мартка чейин уланмакчы. Ал эми жайкы каникул башталгыч класстын балдарына 25-майда башталса, жогорку класстын окуучулары экзамен тапшырган соң 1-сентябрга чейин эс алууга кетишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0