Кулов, Болжурова, Эркебаев... Аттуу-баштуу инсандардын пенсиясы канча

Жазылуу
Мыйзам боюнча Кыргызстанда аялдар 58, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгат. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, өлкөдө орточо пенсиянын өлчөмү 5682 сомду түзөт. Жалпы республика аймагында 648 миңдей пенсионер бар.

Акыркы учурда коомчулукта пенсияга байланыштуу түрдүү талкуулар жүрүүдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекеттик кызматта эмгектенип жаткан жана мурун иштеген аттуу-баштуу адамдар канча пенсия ала тургандыгын тактап көрдү.

Мурдагы депутат, вице-премьер, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, учурда акыйкатчы болуп эмгектенген Токон Мамытов 40 миң сомго жакын пенсия алат.

Кезинде вице-президент, премьер-министр, борбор калаанын мэри болгон генерал-лейтенант Феликс Кулов айына 38 миң сом пенсия алат. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүДепутат Жогорку Кенеша 5-го созыва Феликс Кулов
Депутат Жогорку Кенеша 5-го созыва Феликс Кулов  - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жогорку Кенеша 5-го созыва Феликс Кулов

Атактуу хирург, Кыргызстандын баатыры, өмүрүн медицина тармагына арнаган Эрнст Акрамовдун пенсиясы 20 миң сомду түзөт. 

© Фото / Александр ФедоровАтактуу хирург Эрнст Акрамов
Выдающийся хирург, Герой Кыргызстана Эрнст Акрамов - Sputnik Кыргызстан
Атактуу хирург Эрнст Акрамов

Жогорку Кеңештин эки жолку төрагасы, вице-премьер, Улуттук илимдер академиясынын президенти жана губернатор болуп иштеген Абдыганы Эркебаевдин пенсиясы 23 миң сомго жетет. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭки жолу Жогорку Кеңештин спикери Абдыганы Эркебаев
Президента Национальной академии наук КР Абдыганы Эркебаев - Sputnik Кыргызстан
Эки жолу Жогорку Кеңештин спикери Абдыганы Эркебаев

Мурдагы билим берүү жана илим министри, профессор Ишенгүл Болжурова 16 миң сом пенсия алат. Ал агартуучулук тармагында 50 жылдай эмгектенген. 

Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев учурда пенсия албайт. Ал мамлекеттик кызматта 60 жылдан ашык эмгектенген. Айыл чарба тармагына эмгеги сиңген инсан 1990-жылдары пенсияга чыкмак. Бирок ал калктын социалдык оор абалын эске алып, мамлекеттен акча алуудан баш тарткан. Ошондон бери илимпоз өлкө казынасынан бир дагы тыйын ала элек. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЛегендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев
Депутат легендарного парламента, общественный деятель и ученый Жамин Акималиев - Sputnik Кыргызстан
Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев

СССРдин жана Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон 91 жаштагы атактуу хирург Мамбет Мамакеев 60 миң сомго жакын пенсия алат. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков91 жаштагы атактуу хирург Мамбет Мамакеев
Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев  - Sputnik Кыргызстан
91 жаштагы атактуу хирург Мамбет Мамакеев

Жогорку Кеңештин экс-спикери, билим берүү тармагында көп жыл иштеген окумуштуу Зайнидин Курманов ай сайын 14 миң 200 сом алат. 

© Фото / Пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин экс-спикери Зайнидин Курманов
Зайнидин Курманов - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин экс-спикери Зайнидин Курманов

Экс-президент Роза Отунбаева учурдагы өлкө башчынын айлыгынын 75 пайызын алат. Ошондуктан анын өлчөмү өзгөрүп турат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-президент Роза Отунбаева
XI Форум творческой и научной интеллигенции стран — участниц СНГ - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Роза Отунбаева

Маалыматтар инсандардын өздөрүнөн такталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0