Кыргызстандыктар сыра менен аракты азайтып, шарапка өтүүдө

© AFP / FRED DUFOUR Употребление спиртного в Пекине
Употребление спиртного в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статкомдун маалыматы боюнча алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн ишканалар үчүн 2014-жыл абдан жемиштүү болгон.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет Кыргызстанда 2013-жылдан тарта шараптан башка алкоголдук ичимдиктерди сатуунун көлөмү кыйла төмөндөп кеткенин билдирди.

Аталган мекеме 2013-2017-жылдар аралыгындагы сатып алуулардын статистикасын түзгөн.

Ага ылайык, спирт ичимдиктери менен сыранын "гүлдөгөн" учуру 2014-жылга туура келет. 2013-жылдан бери карай алганда шарапка гана суроо-талап күчөгөн.

Элдин алкоголдук ичимдиктерге кызыгуусу эмнеге төмөндөп кеткени түшүндүрүлгөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0