Жолдогу автоунаалар. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

82
(жаңыланган 10:32 14.10.2018)
14-октябрь, жекшембиде өлкө аймагында жаан жаап, тоолу райондорго кар түшөт.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. 14-октябрь, жекшембиде республика боюнча жаан жаашы күтүлөт. Тоолу аймактарда жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө +2 +7, Ысык-Көлдө +8 +13 градус жылуу болушу күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында + 10 +15 градус жылуу болоору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн бүркөлүп, мезгил мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы Ошто +11 +13, борбор калаада жааган жамгыр карга айланып, +2 +7 градус жылуу болушу болжолдонот.

82
Белгилер:
суук, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Окумуштуулар суук тийгизип алган кишиден канча метр алыс туруу керектигин айтты
Пикирлер