Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Балыкчы Иссык-Кульской области
Город Балыкчы Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. 15-октябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, айрым жерлерде жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +7…+12 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +10…+15 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +11…+13, Ош шаарында +15…+17 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0