Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовПервый снег выпал в Бишкеке
Первый снег выпал в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, тоолуу аймактарда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Таласта 0…+5 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +2…+7 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көл менен Нарын аймагында 0…+5 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы Бишкекте +2…+4, Ошто +6…+8 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0