Кыргызстанда күн +20 градуска чейин жылыйт

Жазылуу
Эртең, 19-октябрда, күн суук болот, бирок аркы күндөрдөн тарта акырындык менен жылый баштайт.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жуманын аягында күн жылый турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Повышение тарифов на отопление в КР - Sputnik Кыргызстан
Үшүдүңөрбү? Бишкекке эртеңден тарта жылуулук бериле баштайт
19-октябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Ал эми күндүз Ысык-Көл, Нарын облустары менен Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде кар, калган аймактарында жаан-чачын жаайт.

20-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактары менен тоо этектеринде кар жаап, калган бөлүгүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көлдүн чыгыш тарабына кар жаап, калган аймактарында күн ачык болот.

21-23-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 24-октябрда болсо тоолуу аймактарга кар түшөт. Ал эми 25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0