Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Прокуратура: Кыргызстандагы учактардын 90 пайызы эски, көп бузулат

© Sputnik / Табылды КадырбековСамолет на взлетной полосе аэропорта "Манас"
Самолет на взлетной полосе аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы авиакомпаниялардын көпчүлүгүнүн учактары 25 жылдан бери учат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы жергиликтүү авиакомпаниялардын учактарынын 90 пайызы эскиргенин КР транспорт прокуратурасынын өкүлү Рустам Кожобеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы авиакомпаниялардын көпчүлүгүнүн учактары 25 жылдан бери учкандыктан, тез-тезден бузулат. Өлкөдө ушу тапта бузулган 12 учак бар.

"Авиакоопсуздук боюнча жыйында булар айтылды. Авиакомпанияларга авиапаркты жаңылоо сунуштары берилди", — деди Кожобеков.

Ал ошондой эле техниканын иштен чыгышы авиакырсыктардын орун алышынын негизги себеби экенин кошумчалады. 2017-жылы 12 болсо, жыл башынан бери 11 учур катталган.

Тегерек столдо Кыргызстанда 22 авиакомпания катталганы, бирок алардын ичинен "Авиа Траффик Компани", "Tez Jet" жана "Эйр Манас" гана иштей турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0